Биз менен байланышыңыз

“Омикрон” штаммына вакцина табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 281 | 0

Sinovac вакцинасы коронавирустун жаңы штаммы “Омикронго” таасирдүү. Бул тууралуу  hurriyet.com.tr сайты жарыялады.  Маалымтка ылайык, жаңы вакцинанын үч дозасы “Омикронго”  каршы 94% нейтралдаштыруучу антителолорду пайда кылган.

Кытайдын Sinovac биотехнологиялык фирмасы  тарабынан чыгарылган вакцинанын үч дозасы “Омикрон” вирусуна каршы 94%, ал эми эки дозадан кийин 35 %га таасирдүү экени аныкталган.

Компания Sinovac вакцинасынын эки дозасын алган 20 жана үч дозасын  алган 48 адамга изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында антителолор биринчи топто жети кишиде, экинчи топтун 45 адамында пайда болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM