Биз менен байланышыңыз

Covid-19: ДССУ тогузунчу вакцинаны жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 281 | 0

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индиянын Сыворотка Институту тарабынан чыгарылган CovavaxTM коронавирустук вакцинасын жактырды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

Эки компоненттүү дары тез жардам үчүн уюм тарабынан бекитилген вакциналардын тогузунчусу болду. Анын артыкчылыгы катары сактоо шарттары жөнөкөй экендиги белгиленет.

Вакцинаны коронавируска каршы эмдөөнү саякатчыларга гана киргизген бир катар өлкөлөр кабыл алышы күтүлүүдө жана экономикасы чабал өлкөлөрдүн эмдөөлөрүн жакшыртууга жардам берээри айтылууда.

Ошондой эле, жаңы чыккан вакцина коронавирустун жаңы “омикрон” штаммына каршы күрөшүүдө кандай жардам бере алаары азырынча белгисиз экендиги айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM