Биз менен байланышыңыз

Иракта сел ташкынынан 8 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 286 | 0

Ирактын Эрбил шаарында тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жана суу ташкындары орун алып, 8 киши каза болду. Бул тууралуу Dunya.com сайты жазып чыкты.

Эрбил шаарынын мэри Омид Хоснав жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматында, түндөн тарта нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун чек араларындагы бир топ микрорайон жана аймактарда сел жана суу ташкындары болгонун айтты.

Хоснав сел ташкынынан каза болгондордун баары аялдар жана балдар болгонун белгиледи.

Сел түндө адамдар уктап жаткан учурда болуп, үйлөр суу астында калган. Шаар мэри адам өлүмү ошондуктан көп болгонун белгилеп, абал азыр көзөмөлгө алынганын айткан.

Селден эң көп жабыр тарткан Эрбилдин Куштепе шаарынын башкаруучусу Стар Ага Өмер 100 үй, 60 дүкөндүн толугу менен суу астында калганын, 200 унаанын жараксыз абалга келгенин билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM