Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык каатчылыктан чыгуу аракети көрүлүп жатат

Экономика | 22 Дек 2021 | 1034 | 0

Бүгүн, 22-декабрь — Кыргызстанда энергетиктердин күнү. Президент Садыр Жапаров энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бул тармактын маанисине токтолуп, деңгээлин жакшыртуу үчүн жакынкы жылдары бир топ тапшырмаларды аткаруу керектигин белгиледи. Анын ичинде иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугу 20%га көтөрүлөрү айтылды. Ал эми энергетиктер бул жаатта абал оор экенин белгилешет. 

Кыргызстандын бийлиги энергетика тармагын кризистен чыгаруу аракетин көрүп жатат. Чакан ГЭСтерди куруу, бул тармакка инвестиция тартуу, электр станцияларын оңдоо иштери жасалууда. Учурда бир катар ГЭСтер оңдоп-түзөөдөн өтүп, айрым ГЭСтердин жабдуулары жаңыртылууда. Булар аркылуу жакынкы жылдары кошумча кубаттуулукту иштеп чыгуу, чакан ГЭСтерди куруу пландалууда. Ошондой эле жакынкы жылдарда Борбордук менен Түштүк Азиядагы төрт мамлекетти энергетикалык тутумга бириктире турган CASA-1000 тилкесин ишке кирет.

Энергетика тармагынын ички жана тышкы карызы буга чейин 130 млрд сомго жеткен, учурда ал карыздардан кутулуу аракети көрүлүп жатат. Бул маалыматтар Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү куттуктоосунда айтылды.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы Кыргызстан энергетикалык каатчылыктан 2024-2025-жылдарда барып чыгарын маалымдады.

Энергетик Төлөгөн Сарыбаев энергетика тармагы өтө оор абалда экенин билдирип, андан чыгуу жолдоруна токтолду. Анын айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө өсүп жаткандыктан бул көлөм жетпей калууда.

«Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз. Биз кыштан чыгуу үчүн эле 5-6 млрд куб метр сууну пайдаланабыз. Суу сактагычта суу кескин азайып кетсе, ГЭСтин иштешине кедергисин тийгизбей койбойт. 20-30 жылдан бери эч кандай жаңылануу болгон деле жок. Жабдуулар алмашылган эмес, эскирди. Эгемендик алгандан берки саясат ушуга алып келди. Эң башкы суу сактагычта запастын аздыгы кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эксперттер эскерткен. Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүп келет. Электр энергиясын керектөө күчөдү, бул энергетикалык тутумдагы аварияларга алып келиши ыктымал. Тийиштүү чараларды көрүп, калк арасында светти үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Керектөөнүн көлөмүн азайтуу зарыл». 

Айта кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 440 млн куб метрди түзгөнүн «Электр станциялары» ишканасы кабарлады. Электр энергиясын үзгүлтүксүз алуу үчүн суунун көлөмү 9 млрд 200 млн кубдан жогору болууга тийиш. Андан төмөндөп кетсе, агрегаттардын иштен чыгуусуна алып келет.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев ГЭСтердин кубатын 20%га көтөрүү менен бирге толук кандуу жаңылоо пландалып жатканын айтты.

Андан тышкары энергетиканын стратегиялык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында программа кабыл алынганын, анын негизинде чакан ГЭСтерге көңүл бурулуп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда атайын программанын негизинде ГЭСтерди оңдоп-түзөө, жабдууларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, программага Төмөнкү Нарын каскады, Ат-Башы ГЭСи жана башка чакан ГЭСтер камтылган. Андан тышкары Бишкек шаарынын ЖЭБдери менен Ош шаарынын ЖЭБи бар. Кыргызстандагы бардык ГЭСтер менен ЖЭБдерди алганда, 3 миң 200 мегаватт кубаттуулук бар. Учурда Ат- Башы ГЭСин жаңылоо бүтүп калды. Андан сырткары Токтогул суу сактагычынын турбиналары, генераторлору алмаштырылды. Кийинки жылы Үч-Коргон ГЭСинин ишке киргенине 60 жылдын жүзү болот. Аны да карап жатышат. Бүгүнкү күндө энергетиктер каражатка, шартка жараша тутумду жаңыртып, кубаттуулукту 20%га арттырууну пландап жатышат».

Кошумчалай кетсек, энергиянын атаандаш булактарын пайдаланууга берүү, Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү маселеси каралууда.

Мындан тышкары мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычынын алабында Бала-Саруу чакан ГЭСин, Орто-Токой суу сактагычынын жана Кемин районундагы Чүй айланма каналынын алабында чакан ГЭС куруу мерчемделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM