Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

Коом , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 1234 | 0

Бүгүн, 16-декабрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарын сактоо тизмесине киргизилди.

Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн иш-чара учурунда ЮНЕСКОнун XVI отуруму онлайн көрсөтүлүп, анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баяндама жасады. Комитет жыйынтыгында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын «Мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» номинациясы боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизди.

Азамат Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын каттаттуу аракети 2 жылга созулуп, жыйынтыгында минтип эмгек акталганын айтты:

«Бул — баарыбыз үчүн чоң жаңылык. Акыркы 2 жылдан бери бардык Кыргызстандагы улуттук федерациялар, мамлекеттик органдар, биздин ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүк иштеп, жыйынтыгында ушул номинацияга ээ болуп жатабыз. Көчмөндөр оюндарын уюштуруп жүргөн катчылыкка, коомдук уюмдарга, этноуюмдарга, бирикмелерге ыраазычылык билдиребиз».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM