Биз менен байланышыңыз

Илимпоздор: Күндүн ысышы Жакынкы Чыгыш, Азия, Африка жана Тынч океандын батыш бөлүгүн жабыркатат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 391 | 0

Американын Дьюк университетинин илимпоздору Nature communications журналына жарыялаган макаласында келечекте аба ырайынын ысышы чектен ашып, Жердин жашоочулары көчөдө көпкө иштей албай каларын жазышты.

Макалада эгер планетадагы температура эки градус Цельсийден ашса, эмгек өндүрүм төмөндөп, экономикалык жоготуулар жылына 1,6 триллион долларды түзөрү айтылат.

Окумуштуулар ошондой эле мындан тропикалык жана субтропикалык аймактардын: Жакынкы Чыгыш, Азия, Африка жана Тынч океандын батыш бөлүгүнүн жумушчулары көбүрөөк жабыркашарын белгилейт.

Алардын айтымында, жайкысын көптөгөн өлкөлөрдө айыл чарба жана курулуш иштерин коопсуз жүргүзүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Мындай кубулуштан айрыкча, калкынын көбү сыртта иштеген Индия, Кытай, Пакистан жана Индонезия чоң экономикалык жоготууларга учурайт.

Климаттын кескин өзгөрүүсүнүн алдын алуу үчүн 190дон ашык өлкө 2015-жылы Париж келишимине кол коюшкан. Ал дүйнөлүк ысык аба ырайына каршы күрөшүү иш-чараларынын планын аныктайт. Келишимде абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган ишкана, өндүрүштү кыскартуу, технологиялык жактан кайра жабдуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү чаралары каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM