Connect with us

Зеленский Украина Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 405 | 0

Украина Орусия менен бардык форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу Владимир Зеленский Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен болгон жолугушуусунда билдиргенин «Известия» маалымат агенттиги жарыялады.

Үч тараптуу жолугушуу 15-декабрда Брюсселдеги Чыгыш өнөктөштүк саммитинин алкагында өтүп, анда өлкө лидерлери Донбасстагы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык аракетти жасоону макулдашкан.

Зеленский өз сөзүндө Батыш өлкөлөрүнүн Москвага каршы катаал санкция саясатын көргүсү келерин да баса белгилеген.

Айта кетсек, 7-декабрда Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин сүйлөшүүсүндө Украинанын ички көйгөйлөрү талкууланган.

Киев бийлиги 2014-жылдан бери Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн жана жаңы өкмөттүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан Донбасстын тургундарына каршы аскердик операцияларды жүргүзүп, жаралган кырдаал үчүн Москваны күнөөлөп келет. Орусия буга чейин Украинанын ички жаңжалдарына аралашпай турганын бир нече жолу билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM