Connect with us

Ливияда куралчан адамдар өкмөттүк имараттарды басып алышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 361 | 0

15-декабрь күнү кечинде Триполиде Улуттук биримдик өкмөтүнүн штаб-квартирасын жана Коргоо министрлигинин имаратын куралчан адамдар басып алышты. Бул тууралуу «Аль-Жамахирия» маалымат агенттиги билдирди.

Sky News Arabia телеканалы имараттарды «Аль Самуд» кыймылынын куралдуу күчтөрү басып алганын жазды. Кыймылдын лидери Ливияда президенттик шайлоо болбой турганын, борбор калаа Триполидеги бардык мамлекеттик мекемелер жабыларын айткан. Бул басып алуу Ливиянын президентин шайлоого сегиз күн калганда болгон.

Эскерте кетсек, 24-декабрда Ливияда президенттик шайлоо өтөт.

10-мартта Ливия парламенти Абдель Хамид Дбейба башында турган Улуттук биримдик өкмөтүнүн курамын бекиткен.

2011-жылы Ливиянын президенти Муаммар Каддафи тактан кулатылып, өлтүрүлгөндөн кийин түрдүү топтордун ортосунда куралдуу кагылышуулар башталып, өлкөгө кош бийлик орногон. Чыгышта маршал Халифа Хафтардын Ливиянын улуттук армиясы менен кызматташкан  парламенти, ал эми батышта БУУнун жана Европа Биримдигинин колдоосу астында Улуттук биримдик өкмөтү түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM