Биз менен байланышыңыз

COVID — 19: Бир суткада 9 миң 341 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 162 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 341 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинен 4 миң 131 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 210 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 169 миң 575 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 952 миң 907 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM