Биз менен байланышыңыз

Фелсенталь: Дүйнөнүн эң чоң байы Илон Масктын өз үйү жок

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 733 | 0

Байлыгы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турган Илон Масктын өз үйү жок. Бул маалыматты Time журналынын редактору Эдвард Фелсенталь «Жыл адамы» иш-чарасында айтып, Маскты дүйнөнүн эң таасирдүү адамы атады.

«Дүйнөнүн эң бай адамынын өз үйү жок. Акыркы убакта мурасын сатып жатат. Ал орбитага спутниктерди алып чыгып, Күнгө «чабуул жасайт». Бензин талап кылбаган машинаны өзү жасап чыгып айдайт. Маск технология дүйнөсүнө чоң революция алып келди. Дүйнөгө Масктан көбүрөөк таасир эткендер аз», — деген ал өз сөзүндө.

Time журналы 1927-жылдан бери уюштуруп келаткан «Жыл адамы» рейтингинин быйылкы сурамжылоосуна катышкандардын көбү Tesla автоконцернинин жана SpaceX космостук технология фирмасынын негиздөөчүсү Илон Маскты тандаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM