Биз менен байланышыңыз

COVID — 19: Бир суткада 8 миң 935 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 180 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 935 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 29 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 906 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 165 миң 204 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 947 миң 399 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM