Биз менен байланышыңыз

14-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 181 | 0

Эртең 14-декабрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдордо кар, муз тоңот. Шамалдын багыты секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM