Биз менен байланышыңыз

Испаниянын түндүгүн сел каптап, эки киши каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 407 | 0

Испаниянын түндүгүндө соккон «Барра» бороонунан эки жаран каза болду. Бул тууралуу «МИР-24» жазды.

Наварра жана Баск аймактарында бороон уруп, кара нөшөр төгүп, мунун кесепети жер көчкү жүрүүсүнө, Агра дарыясынын ташкынына алып келди. Шаардын көчөлөрүн суу каптап, жолдо жүрүү мүмкүн болбой калды. Сумбилье шаарында бир унааны сел алып, ичиндеги айдоочу аял каза тапты. Ал эми Элизон шаарында дагы бир унаа дарыяга агып кеткен.

Бул кырсык өлкөдө акыркы 20 жылда болгон эң күчтүү суу ташкыны аталды.

Түндүк Испаниянын кырсыктан жабыркаган аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда элге аскер кызматкерлери жардам берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM