Биз менен байланышыңыз

АКШ: Байден торнадонун кесепеттерин федералдык апаат катары тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 258 | 0

АКШ президенти Жо Байден Кентукки штатынын губернатору Энди Беширдин аймактагы бороондун кесепеттерин федералдык апаат катары таануу өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу «Интерфакс» жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып жазды.

Эске сала кетсек, өткөн жуманын этегинде АКШнын Кентукки штатындагы бороондон каза тапкандардын саны 100гө жеткен.

Бороон көптөгөн имараттарды кыйратып кеткен. Айрыкча, Грейвс округу жана анын административдик Мейфилд шаары эң көп жабыркаган. Мындан улам Кентукки штатына жергиликтүү бийлик өзгөчө абал, андан соң Байден өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бул атайын агенттиктин үй-жайсыз калган жарандарга жардам көрсөтүүсүнө мүмкүндүк берген.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жардам 5 миллион доллар менен чектелүүдө. Бирок бул чоң кырсыктын режими чектөөлөрдү караштырбайт. Ошол эле учурда Вашингтон коомдук инфраструктурага да, жарандарга да жардамдын кеңири берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM