Биз менен байланышыңыз

COVID-19: «Омикрон» штаммы 63 өлкөдө катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 267 | 0

Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 63 өлкөдө катталганын Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму кабарлады.

Эксперттердин изилдөөсүнө караганда, «омикрон» штаммы «дельта» штаммынан да бат таралышы мүмкүн. Ошол эле учурда бул илдет «дельта» штаммына караганда жеңил өтүп жатат. Мындан улам бул штаммдын коркунучу азырынча азыраак экени, анткен менен толук кандуу изилденип бүтө электиги эскертилүүдө.

Уюмдун айтымында, вакцинанын бул вируска канчалык таасир этери боюнча тастыкталган маалымат жок.

«Омикрон» штаммы алгач ирет 26-ноябрда Африканын түштүгүнөн табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM