Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өлкөдө суткада ичинде 1 миң 181 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 264 | 0

 Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 1 миң 181 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 583 адам вакцинанын биринчи дозасын, 598 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 160 миң 968 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 942 миң 368 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM