Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 4 миң 829 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 166 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 4 миң 829 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 187 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 642 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 160 миң 316 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 941 миң 741 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM