Биз менен байланышыңыз

Бүгүн дагы 34 адамдан короновирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 315 | 0

Кыргызстанда 12-декабрга карата коронавирус дагы 34 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 47 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 314 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 965 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 9 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM