Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 30 миң орундуу футбол стадионун салуу пландалууда

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 450 | 0

Бишкекте 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн футбол стадионун салууну пландап жатабыз. Бирөөдөн жардам сурабай, өзүбүздүн бюджеттик акчага курабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

“Учурдагы кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктурабыздын начардыгы спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкек шаарынан баштайбыз. Совет-Түштүк магистралдын жанында курууну пландаштырып жатабыз. Ал жак 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн болот. Бирөөдөн жардам сурабайбыз. Өзүбүздүн, бюджеттик акчага курабыз”, — деди президент Жапаров.

Кечээ, Бишкек шаарында кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Анын алкагында футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өттү. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино видеобайланыш аркылуу куттуктады.

Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын «Алга“ командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.

Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM