Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 68 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 484 | 0

Кыргызстанда 11-декабрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 29, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 347 бейтап, амбулатордук түрдө 371 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 931 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 962 киши айыгып чыкса, 2 миң 768 адам каза болду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM