Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 544 | 0

Кыргызстанда койлорго электрондук «чип» тагыла баштады, бул койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз эт-май багытындагы «Арашан» породасындагы койлорго электрондук бирка «чип» тагылып, атайын чыгарылган малымдоого киргизилип, асыл тукум карточкалары толтурулду.
“Чип”-анча чоң эмес электрондук каражат, анын жардамы менен койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүн. Чип киргизүүнүн алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, бул жараян электрондук маалымдамага киргизилет.
Эске салсак, Кыргыз “Арашан” эт- май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. Учурда мындай порода өлкө боюнча 5800дөй кой бар. Козуларынын болжолдуу баалары 500 АКШ доллар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM