Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 707 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. 150 койка-орундукка эсептелген оорукананын ачылышына Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министрдин айтымында, балдар ооруканасын ачууда бюджеттен каражат алынган эмес. Шаар калкы көбөйгөндүктөн үчүнчү балдар ооруканасын ачуу муктаждыгы келип чыккан.

— Бул оорукана бизге керек. Мурун союз мезгилинде 500 миң кишиге эки оорукана: Байтик баатыр көчөсүндөгү 3-балдар ооруканасы, Жал кичи районундагы оорукана болсо, азыркы мезгилде Бишкек шаары чоңоюп, калктын саны 1,5 миллионго жетип калды. Дайым эле жазында, күзүндө, кышында ооругандар көбөйгөндө балдарга орун жок калып, коридордо жатып калуу, кезек күтүү көп болот. Азыркы кезде биз, бул жерге жаткырсак, ушул проблеманы чечебиз. Бүгүнтөн баштап кабыл алуу башталды, — деди министр.

Эске салсак, ачылган балдар ооруканасынын имаратында буга чейин Республикалык диагноз борбору иштеген. Министрдин билдирүүсүндө, аталган борбор карызга баткандыктан жабууга туура келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM