Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Вакцина Европада 470 миңдей адамдын өмүрүн сактап калды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 827 | 0

Өткөн жылдын декабрынан ноябрь айына чейин COVID-19 вакциналары континент боюнча кеминде 469 миң адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  Европа бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин Kazinform маалымат агенттиги жарыялады.

ДССУнун Европа кеңсесинин директору Ханс Клюге европалыктарды эмдөөнү улантууну, беткаптарды колдонууну жана бөлмөлөрдү желдетүүнү сунуштады. Директордун айтымында, коронавирустун эң жогорку деңгээли азыр 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагылар арасында байкалууда. Клюге европалык лидерлерди окуу процессинин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Ошону менен катар ал Европа өлкөлөрүнүн бийликтери милдеттүү эмдөө киргизүүгө барбашы керек деген оюн билдирди. Азыр Европада «дельта» варианты үстөмдүк кылууда. Бирок күн сайын «омикрон» штаммына чалдыккандардын саны өсүп, алты жарым миңдей адам жуктуруп алганы кабарланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM