Биз менен байланышыңыз

«Омикрон» вирусунун мутациясы пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 874 | 0

Коронавирус эпидемиясында дүрбөөн салган «омикрон» вирусунун мутациясы аныкталганы кабарланды. Бул тууралуу hurriyet.com. сайты жазды.

«Омикрондун» мутациясы делген вирус ушул тапта Түштүк Африкада, Австралияда жана Канадада байкалганы айтылды. Австралиянын саламаттыкты сактоо кызматкерлери өлкөсүнө Түштүк Африкадагы Гаутенг аймагынан келген адамдан мутацияланган вирус табылганын билдирген. Ич ара BA-2 деген ат беришкен бул жаңы вирустун «омикрон» сыяктуу жугуштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Жаңы вирустун жугуштуулугу жана вакциналардын таасири жөнүндө азырынча так маалымат жок. Окумуштуулар табылган BA-2 мутациясын ПЦР аркылуу аныктоо кыйын экенин, анын таралышын байкоо оңойго турбасын белгилешүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM