Биз менен байланышыңыз

Жо Байден менен Владимир Путин онлайн жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 662 | 0

АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин онлайн жолугушуусу 2 сааттан ашык убакытка созулду. Басылмалар жолугушуу «ачык жана системалуу» өткөнүн жазып чыгышты.

Баарлашууда эң маанилүү маселелердин бири Украина болуп, эки лидердин билдирүүлөрү АКШ жана Орусиянын басма сөзүндө  кеңири чагылдырылды.

Жо Байден Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтоосу керектигин, эгер кол салуу болсо, олуттуу экономикалык санкциялар колдонула турганын билдирди.

Ал эми Владимир Путин НАТОнун Орусия чек араларына карай жылып жатканын белгилеп, Жо Байденден мунун мындан ары уланбашына кепилдик сурады.

Эки лидердин жолугушуусунан кийин Америка конгресси дароо эле Орусияга карата санкциялардын бир бөлүгүн алып салганы белгилүү болду. Бирок Орусиянын аскерий каршылыгына карата 4 миллиард доллар, Украинага 300 миллион доллар өлчөмүндөгү аскерий жардамды каржылоо пункту сакталып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM