Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 683 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 320 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 363 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 144 миң 43 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 924 миң 185 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.