Connect with us

COVID-19: Каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 262 | 0

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 364 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM