Биз менен байланышыңыз

«Дордой» ассоциациясынын 30 жылдык мааракеси белгиленди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 455 | 0

Бүгүн, 7-декабрда «Дордой» ассоциациясынын 30 жылдык мааракеси белгиленди. Анда аталган ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков «Дордой» Эгемен Кыргызстан менен жашташ экенин, кыйынчылыктарды өлкө менен бирге башынан өткөргөнүн айтты.

«Дордой» ассоциация катары 5 жылда бир иш-чара уюштуруп, отчёт берип турабыз. Акыркы жылдары өлкөдө чоң өзгөрүү болду, октябрдан бери саясий бурулуш болуп, реформа башталды. Жеке оюмда, бул туура эле. Демократияны да көрдүк. Саясий, экономикалык, социалдык реформаларды колдоп, өлкөнү алдыга жылдыруу керек».

Мааракеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов да катышты. Ал «Дордойдун» 20 тармакта иш алып барганын, 223 миңден ашык адам жумуш ордун тапканын өз сөзүндө баса белгиледи.

«Дордой» кыргыз экономикасында эркин баа деген эмне экенин көрсөттү. Бул жердегилердин баары «Дордойдун» кийимин кийип отурат. Базар көптөгөн ишкерлердин, ишканалардын чыгышына түрткү берди». 

Эскерте кетсек, «Дордой» базары 1991-жылы 5-декабрда түзүлгөн. Ассоциацияга 9 базар, андан тышкары өндүрүш, маданият, кызмат көрсөтүү, спорт жана медицина тармагында иш алып барган ишканалар кирет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM