Биз менен байланышыңыз

Байден менен Путиндин жолугушуусу күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 562 | 0

АКШ президенти Жо Байден менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу бүгүн, 7-декабрда Бишкек убактысы боюнча 21:00 чамасында онлайн форматта өтөт. Белгилүү болгондой, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн түз эфир болжонгон эмес, бирок жолугушуунун баштапкы кадрлары көрсөтүлөт.

Алдын ала маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө негизинен Украинанын тегерегиндеги чыңалуу, НАТОнун Орусиянын чек арасына карай жылышы, орус лидеринин коопсуздук кепилдиги боюнча демилгеси каралат.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун белгилөөсү боюнча, күн тартибине Ооганстан, Иран жана Ливиядагы кырдаал киргизилиши мүмкүн.

Эске салсак Жо Байден буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда лидерлер орус аскерлеринин Украина чек арасына топтолушуна тынчсызданууларын билдирип, Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын баса белгилешкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM