Биз менен байланышыңыз

Канада Кытайдагы кышкы Олимпиадага бойкот жарыялоону ойлонуп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 263 | 0

Канаданын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кристель Шартран ТАССтын кабарчысына Кытайдагы Олимпиадага бойкот жарыялоону ойлонуп жатышканын билдирди.

«АКШнын чечими бизге маалым. Биз бул маселени өнөктөштөрүбүз менен талкуулоону улантабыз», — деген ал.

Канада  бийлиги Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча кабарларга тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети (IOC) АКШнын 2022-жылы Пекинде өтө турган Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялоо чечимине комментарий берген. Уюм расмий өкүлдөрдүн жана дипломаттардын болушу ар бир өкмөттүн таза саясий чечими экенин жана Эл аралык Олимпиада комитети саясий жактан бейтарап болуу менен бул укукту тааный турганын баса белгилеген.

6-декабрда АКШ президентинин басма сөз катчысы Жен Псаки Америка жетекчилиги Кытайдагы Олимпиадага барбай турганын ырастаган. Анын айтымында, америкалык спортчулар эл аралык мелдештерге катышууну же баш тартууну өздөрү чечишет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Бээжинде кышкы Олимпиада, 4-13-март аралыгында Паралимпиада оюндары өтөт. Мелдешке билеттерди Кытайдын тургундары гана сатып ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM