Биз менен байланышыңыз

Австриянын жаңы канцлери Карл Нехаммер кызматына киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 289 | 0

Австриянын жаңы канцлери Карл Нехаммер 6-декабрда ант берип, кызматына киришти. Салтанаттуу иш-чара президент Александр Ван дер Беллендин Хофбург сарайында өттү. Бул тууралуу «МИР-24» жазды.

Австриянын мурдагы канцлери Себастьян Курц октябрда коррупция жаңжалына байланыштуу кызматтан кеткен. Декабрь айынын башында өзү жетектеген Элдик партиянын төрагалыгынан да кетип, ордуна ички иштер министри Карл Нехаммер шайланган.

Октябрь айынан бери канцлер кызматын аркалап келаткан Александр Шалленберг 3-декабрда отставкага кеткен. Мындан улам парламенттеги көпчүлүктү түзгөн Элдик партия жаңы төрагасы Карл Нехаммерди бошогон орунга шайлап беришкен.

Эске салсак, 2017-жылы Австрия элдик партиясы эң көп добуш менен парламентке өтүп, анын төрагасы, ошол кездеги тышкы иштер министри Себастьян Курц канцлер кызматына шайланган. Бирок 2019-жылы «ибица-гейт» жаңжалынан улам парламент канцлерге импичмент жарыялап, кызматынан кеткен. Андан соң парламент таратылган. Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Элдик партия кайрадан көпчүлүк коалицияны куроо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Себастьян Курц 2020-жылдын 7-январында канцлер кызматына кайтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM