Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 9 миң 853 адам эмделди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 255 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 853 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 735 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 895 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 139 миң 466 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 918 миң 680 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM