Биз менен байланышыңыз

Түрк лирасынын куну кескин түшүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 517 | 0

Дүйшөмбүгө карата түрк лирасынын долларга карата курсу кескин төмөндөп, тарыхый эң төмөнкү чекке жакындады. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Дүйшөмбү күнү соодада түрк валютасы 1% арзандап, Бишкек убактысы боюнча саат 13:15ке карата курс бир доллар үчүн 13,83 лираны түздү.

Жыл башында 1 доллар 7,4 лирадан сатылып жаткан түрк валютасы бир жыл ичинде дээрлик 50% арзандады. Лиранын мындай кескин төмөндөшү акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болду. Мындай арзандоо Түркиянын Борбордук банкы 18-ноябрда эсептик ченди 16%дан 15%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алгандан кийин болду.

Буга чейин Түркиянын негизги оппозициялык партияларынын лидерлери Эрдоганды компетентсиз деп айыптап, лиранын курсу рекорддук көрсөткүчтө төмөндөп кеткенине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Түрк лидери бул чакырыкты четке кагып, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор пландалгандай, 2023-жылдын июнь айында өтөөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM