Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Бишкекте жаңы жылдык фейерверк атылбайт

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 511 | 0

Жаңы жылга карата Бишкекте майрамдык фейерверк болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим экологиялык коопсуздук үчүн кабыл алынган.

«Жыл сайын күз-кыш мезгилинде шаардыктар абанын булганышына туш болушат, борбор калаада абанын булгануу деңгээли антирекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга байланыштуу мэрия ансыз да морт болгон экологиялык абалды начарлатууну туура эмес жана мүмкүн эмес деп эсептейт», — деп айтылат маалыматта.

Мэр кошумчалагандай, ага кете турган 800 миң сом башка иштерге жумшалат.

«Мэрия айлана-чөйрөнү жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын жаңы жылды майрамдоо учурунда жардыруучу заттарды жана колго жасалган фейерверк сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат», — деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM