Биз менен байланышыңыз

Адам укуктарынын эл аралык күнү 193 өлкөдө белгиленет

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 717 | 0

Жыл сайын 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет. 1948-жылдын ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы 30 беренеден турган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

БУУ Декларацияны эске салып, бардык адамдар өз укуктарын билүү жана коргоо менен бирге, дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы жеке милдеттерин да эстен чыгарбоо керектигин белгилейт.

Учурда декларацияга БУУга мүчө 193 өлкө кошулган. Кыргызстан 1994-жылдан тарта кабыл алынган.

Ар беш жыл сайын 10-декабрда кайрымдуулук, адам укугун коргоо сыяктуу иштер менен алектенгендерди сыйлоо салтанаты өтөт. Буга чейин бул сыйлыкты Элеонора Рузвельт (декларациянын авторлорунун бири), Мартин Лютер Кинг (АКШдагы кара терилүүлөрдүн жарандык укуктары үчүн күрөшкөн) жана Нельсон Мандела (Түштүк Африкадагы апартеид режимине каршы күрөшкөн) жана башкалар алган.

Copyright © 2017 Maral FM