Биз менен байланышыңыз

Климаттык кризис менен күрөшүүгө 10 триллион доллар керек

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 871 | 0

Дүйнөлүк коомчулук жакынкы он жылда климаттык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн 6дан 10 триллион долларга чейин бөлүүгө тийиш. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун директору Кристалина Георгиева билдиргенин life.ru сайты жазды.

Ал климаттын өзгөрүшү экономикалык туруктуулук, өсүү жана бакубаттык үчүн макрокритикалык мааниге ээ экенин Reuters Next онлайн форумунда сүйлөп жатып белгилеген.

Георгиеванын пикиринде, азыр климаттык кризисти чечүү үчүн  миллиарддаган эмес, триллиондогон доллар керек. Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду климат маселеси менен алектенет, анткени бул уюмдун мүчөлөрү үчүн маанилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM