Биз менен байланышыңыз

Белгияда зоопарктагы бегемоттордон коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 1016 | 0

Бельгиянын Антверпен зоопаркындагы эки бегемоттон коронавирус аныкталды.  Бул тууралуу hurriyet.com.tr сайты жарыялады.

Зоопарк кызматкерлеринин айтымында, бул дүйнө жүзү боюнча бегемоттордо коронавирустун катталганынын биринчи расмий учуру. Буга чейин коронавирус мышыктар менен маймылдардын түрлөрүндө гана кездешкен.

Бельгиянын Улуттук ветеринардык лабораториясы тарабынан жасалган экспертизада бегемоттордун тесттери оң чыккан.

Зоопарктын билдирген маалыматына ылайык, бегемоттордун абалы жакшы, азырынча мурундан суу агуусу гана бар. Аларга вирус кайдан жукканы белгисиз. Жанына барууга тыюу салынган жана кароолчулар да атайын  коргоочу кийимдерди кийишет.

Антверпендеги зоопарктын бардык жаныбарлары былтыр коронавируска карата текшерүүдөн өтүшкөн жана алардан коронавирус аныкталган эмес. Бегемоттор зоопарктагы жаныбарлардын ичинен COVID-19 менен ооругандардын биринчилери болуп калышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM