Биз менен байланышыңыз

Гутерриш: «Омикрон» штаммы менен күрөшүүдө чек араларды жабуу натыйжа бербейт

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 2496 | 0

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш коронавирустун жаңы штаммы делген «омикрон» вирусу менен күрөшүүдө айрым өлкөлөрдүн жана аймактардын жашоочуларынын саякатка чыгуусуна тыюу салууну натыйжасыз деп атады.

Гутерриш «Твиттердеги» баракчасына «Чындыгында эч кандай чек араны билбеген вирус менен кайсы бир өлкөнү же аймакты обочолонткон чектөөлөрдү киргизүү адилетсиз жана натыйжасыз» , — деп жазды.

Ошондой эле, ал бардык өлкөлөрдү саякатчыларды бир нече тестирлөөдөн өткөрүүнү жана чындап натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырган.

Коронавирустун жаңы штаммы алгач Түштүк Африкада табылган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аталган вирусту таралуу ыктымалы жогору деп билдирген. Уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жаңы штаммдан коргонуу үчүн карантиндик чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM