Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда аялдар тандоо укугуна ээ болот

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 904 | 0

Ооганстандагы «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) өкмөтү аялдардын укуктарын коргоо боюнча жаңы жарлык чыгарды. Бул тууралуу sabah.com.tr жазып чыкты.

«Талибан» өкмөтүнүн лидери Хибатулла Ахунзаде чыгарган жарлыкта нике кыюуда аялдын макулдугу зарыл экени жана эч ким мажбурлоо жолу менен аялдарды никеге тургуза албасы белгиленип жана башка укуктарын коргоо боюнча айтылат.

Жарлыкка ылайык, жесир аялды эч ким  зордоп никеге бере албайт жана жесир аял өзүнүн никесин же келечегин тандоо укугуна ээ. Белгиленгендей, жесир аял мураскорлукка жана мүлктөгү белгиленген үлүшкө укуктуу жана жесирди анын укугунан эч ким ажырата албайт.

«Талибан» өкмөтүнүн лидери Ахунзаде тиешелүү органдарды жарлыкты талаптагыдай аткарууга жана губернаторлорду, район акимдерин жарлыкты ишке ашырууда тиешелүү министрликтер жана Жогорку Сот менен кеңири кызматташууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM