Биз менен байланышыңыз

БУУ Ооганстандагы ички качкындарга жардам берүү үчүн 375 млн доллар сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 333 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты Ооганстандагы качкындарга жардам берүү үчүн 374,9 миллион доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылды.

Бул тууралуу аталган уюмдун сайты жарыялаганын russian.rt.com сайты жазып чыкты.

Уюмдун маалыматына ылайык, 2022-жылы Ооганстандагы муктаждыкты каржылоо жана кышында аларды керектүү буюм-тайымдар менен камсыздоону кошкондо 374,9 миллион долларды түзөт.

Ооганстанда 3,5 миллион ички качкын бар. Аларга жылуу кийим, үйүн жылытуу үчүн отун, тамак-аш, дары-дармек керек.

Буга чейин Франция менен Катар Ооганстанга 40 тоннадай гуманитардык жардам жеткиргени маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM