Биз менен байланышыңыз

Тыныбекова АКШда экинчи чеберчилик сабагын өткөрдү

Кыска кабар , Спорт | 3 Дек 2021 | 710 | 0

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча АКШда кезектеги чеберчилик сабагын өткөрдү. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн «Инстаграм» баракчасына жазды.

Сабак болочок балбандар үчүн Wrestle Like A Girl (кызча күрөш) мектебинде өттү.

«Кечээ мен дагы бир семинар өткөрдүм. Күрөштүн аркасында кыздар лидерлик сапаттарын көрсөтөт. Жакында эле мен күрөш боюнча мастер-класс өткөрүп, позитивдүү эмоциялардын укмуштуудай энергиясын алгам!» — деп жазды Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Учурда АКШда атайын машыгуу өткөрүп жүрөт.

Тыныбекова буга чейинки чеберчилик сабагын ноябрдын ортосунда ушул эле залда өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM