Биз менен байланышыңыз

Алроса Кубогу: Бүгүн Жуманазарова менен Велиева күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Дек 2021 | 731 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 3-декабрда Орусиядагы «Москванын Гран-приси — Алроса Кубогу» супертурниринде килемге чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандын балбан кызы Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жарым финалда жеңип алган орусиялык кыз Ханум Велиева менен кайра күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00 менен 00:00дөр аралыгында өтөт.

Эске салсак, Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова жарым финалда Ханум Велиевага бет келип, 3:3 эсебинде жеңип алган. Бирок Орусия тарап калыстардын чечимине макул болбой, жеңиш туура эмес ыйгарылганын айтып чыгышкан. Мындан улам балбан кыздарды кайра беттештирүүнү машыктыруучу Нурбек Изабековго сунушташкан.

Бул турнирде грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грэпплинг боюнча беттештер болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM