Биз менен байланышыңыз

Ыктыярчы: Онкологиялык оорудан жабыркаган балдарга жардам керек

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2021 | 520 | 0

«Жардам берүү оңой» коомдук фонду рак оорусунан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүүнү каалаган кайрымдуу адамдарды издейт. Бул тууралуу ыктыярчы Нуржигит Асанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган фонд ай сайын онкология менен жабыркаган 10 чакты балага дары-дармек жагынан жардам берип келет. Андан тышкары дарыланып жатып, мектепке бара албай калган балдар үчүн «Кайрымдуулук мектеби» деген долбоор иштейт.

«Аларды окуу программасынан артта калбасын деп, кадимкидей мугалимдер келип окутушат. Биздин коомдук фонд тарабынан да ага шарттар түзүлгөн. Балдар сүйүнүшүп, бири-бири менен аралашып, сабак окушат. Компьютерлер, экрандар алынган. Андан тышкары биздин коомдук фондго «мен келип балдар менен ойнойт элем, балдар менен сүрөт тартат элем, сүрөткө түшөт элем» деп кайрылган адамдар да көп. Мына ушундай адамдардан айланса болот!» — дейт ыктыярчы.

Азыр коомдук фонддун астында балдарга туруктуу түрдө жардам берип туруучу миң, же андан да көп кайрымдуу адамдарды табуу зарылчылдыгы турат. Бардык социалдык тармактардан коомдук фонддун баракчаларын тапса болот. Жана 0556 400 400 номерине чалып, байланышса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM