Биз менен байланышыңыз

БУУ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуу алып берди

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 265 | 0

Бүгүн, 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба фонду (ФАО) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жабдуулар табигый кырсыктар боюнча маалымат базаны натыйжалуу иштетүү, башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.

Сервердик жабдуулардын жардамы менен эми Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжомолдоо борбору табигый шарттарды алдын ала билип, ар кандай кырсыктарды болтурбай калуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ошондой эле кырдаалга мониторинг жүргүзүп турат. Бул бирдиктүү системанын борбордук базасы катары колдонулат.

Мындан тышкары долбоордун алкагында өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын чарбага тийгизген таасири боюнча отчёт иштелип чыккан. Анын жардамы менен учурдагы жана мурдагы маалыматтар бир документке топтолот.

Ошол эле учурда бул жаңы отчёт ыкмасы далилдүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM