Биз менен байланышыңыз

Садыков: ВИЧти жыныстык жол менен жугузгандар көбөйдү (график)

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 337 | 0

Бүгүн, 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жыныстык жол менен жугузгандардын саны 15 эсеге көбөйдү. Ага карата «Сорос-Кыргызстан» фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков Кыргызстанда акыркы үч жылда ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдарды аныктоонун динамикасы менен бөлүштү. Бул ар кандай факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн: жарандар арасында тестирлөөнүн азайышы, COVID-19 таасири жана башкалар.

Акыркы 20 жылда «Сорос-Кыргызстан» фондунун приоритеттүү багыттарынын бири ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү, оору жугузгандардын укугун коргоо болуп саналат, ага 7 миллион долларга жакын каражат бөлүнгөн.

Бирок, бүгүнкү күндө калк арасында маалыматтын жоктугунан улам ВИЧ инфекциясынын жалпы калкка жугуп кетүү коркунучу өсүп жатканы байкалууда.

«Калктын негизги катмары менен иштөөдөн тышкары, өлкөдө ВИЧ инфекциясынын жугушун азайтуу үчүн ар тараптуу түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү абдан маанилүү. Статистика көрсөткөндөй, эгерде 2004-жылы жыныстык катнаштан жугузгандар 35 адам болсо, 2021-жылы 531 адам катталып, бул сан 15 эсеге өскөн», — деп белгиледи Илимбек Садыков.

«Коомдук ден соолук» программасынын жетекчисинин айтымында, жарандарды 1-декабрда эле эмес, үзгүлтүксүз окутуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM