Биз менен байланышыңыз

Тамекинин зыяны боюнча тегерек стол өттү

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 457 | 0

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде тамекинин, анын ичинде электрондук чылымдын зыяны боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жолугушууда электрондук тамекилердин курамындагы канцерогендик заттардын адам организмине тийгизген зыяны жана ага бөгөт коюу чаралары талкууланды.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын доценти Абилова Саамай айрыкча кош бойлуу аялдар арасында электрондук тамеки тартуу көбүрөөк байкалып жатканын айтып, анын зыяндарына токтолуп өттү. Ал белгилегендей, электрондук чылым түйүлдүктүн тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүүсүн шарттап, баланын тонуна кан жеткирген тамырларды бууп салат. Ошондой эле ара төрөлүү, өлүү төрөлүү, дем жетпей төрөлүү (апноэ) сыяктуу коркунучка кептейт. Атасы тамеки тарткан балада тубаса ишемия пайда болуу коркунучу жогору болуп, ал тукум куушу мүмкүн.

Статистикалык маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө 1 миллиарддан ашык адам тамеки чегет. Акыркы убакта тамеки сатуу кескин кыскаргандыктан, тамеки чыгарган компаниялар электрондук тамекилерди көп санда өндүрө баштаган. Тамекинин бул түрүнүн курамында өзгөчө жыт берүүчү кошулмалар да болгондуктан, кызыгып алгандардын саны көбөйүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM