Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлө курууга пандемиянын залакасы тийип жатабы?

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 419 | 0

Кыргызстанда 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурундагы чектөөлөргө байланыштуу никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошол эле учурда шаардагы калктуу конуштар менен айыл жериндеги никелешүү дээрлик бирдей санда катталган. Никелешкендердин 70%га (мамлекеттик каттодон өткөндөрдүн) жакынын 20-29 жаш курактагылар түзөт.

Кыйылган никенин баары эле туруктуу болгон эмес. Себеби, орто эсеп боюнча ар бир төртүнчү үй-бүлө эки ажырым жолго түшөт. Айыл жеринде 1000 никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаарда андан 2,2 эсе көп катталат.

2020-жылы биринчи никеге тургандардын орточо жашы аялдардыкы 23,4 жашты, эркектердики 27,2 жашты түзгөн. 2016-жылга салыштырмалуу эрте турмушка чыккан кыздар көбөйүп, тескерисинче, эрте үйлөнгөн жигиттер азайып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM