Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Бишкек быйыл жаңыча жасалгаланат

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 328 | 0

Быйыл борбор калаа былтыркы жылга салыштырмалуу башкача кооздолот. Бишкекти жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелерди, жаңы жылдык фейерверктерди жана карды чагылдырган символдор колдонулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, символду белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын студиясы иштеп чыккан.

«Азыр «Ала-Тоо» аянтына баш балатыны орнотуу иштери жүрүп жатат, мындан тышкары башкы аянтты жасалгалоо үчүн реквизиттер жана керектүү жабдуулар даярдалууда. Долбоорлоого шаардык кызматтар тартылган: мэрияга караштуу «Бишкексвет», «Тазалык», капиталдык курулуш башкармалыгы, өзгөчө кырдаалдар жана маданият башкармалыгы. Шаарды жасалгалоо декабрь айынын ортосуна чейин созулат», — деди мэрия.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM