Биз менен байланышыңыз

Статком: Жакырчылык күн санап өсүүдө

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 540 | 0

Соңку убактарда жакырлардын катары көбөйүп, жакырчылык күн санап өсүп баратат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.

Маалым болгондой, 2020-жылдагы күнүмдүк коротуулардын чеги эсептелип, киши башына бир жылдык акча табуу 35 миң 268 сомдон 19 миң 774 сомго чейин экени белгиленген. Бул өлчөмдөн алганда, ар бир төртүнчү үй-бүлө, тагыраагы, калктын 25,3%ы жакырлардын катарында саналган. Бул 2019-жылдан 5,2%га көп.

2020-жылы жакырлардын саны айылдарда 6.1%га, шаар жерлеринде 3.6%га көбөйгөн. Жан башына эсептегенде, калктын 1 млн 678и жакыр жашайт.

Ошол эле учурда жакырлар Ош шаарында 6%га, Талас облусунда 0,8%га азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM