Connect with us

«Быйыл добуштарды саноо көбүрөөк убакытты алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2021 | 1478 | 0

Быйылкы шайлоо жаңыча система менен өткөндүктөн, добуштарды кол менен саноо көбүрөөк убакытты талап кылат. Бул тууралуу БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азырынча алдын ала гана жыйынтык бар. Мурунку шайлоолордо партиялар канча добуш алганы эле саналгандыктан жеңил болчу. Азыр болсо, биринчи бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлердин канча добуш алганын санап, тактап, протоколго кол коюлуп, ар бир талапкердин байкоочуларына бирден көчүрмө мөөр басылып берилет. Андан кийин гана партиялык тизмени санай баштайт.

«Алгач 21 партиянын ар бири канча добуш алганын санайт. Андан кийин партиянын ичиндеги талапкерлердин ар бири канча добуш алганын санайт. Жалпы — 1015 талапкер.  Ошондуктан убакыт кичине созулуп жатат», — дейт ал.

Анын айтымында, мурунку система менен өткөн шайлоолордо тилке комиссиялары добуштарды түнү менен санап, эртең мененки 6:00гө чейин аймактык шайлоо комиссиясына отчёт алып келип берүүсү керек болчу. Аралаш шайлоо системасына өткөндө депутаттар бул система менен добуш саноо көп убакытты аларын түшүнүп, мыйзамдан бул чектөөнү алып салышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM